31.03.2020 11:21

"Аймактар аралык жаңжалды козутуу". Facebookтун «Аруузат Токо» аттуу колдонуучусун УКМК кармап кетти

"Аймактар аралык жаңжалды козутуу". Facebookтун «Аруузат Токо» аттуу колдонуучусун УКМК кармап кетти

Аймактар аралык жаңжалды козутту. Дал ушундай жүйөө менен социалдык тармактын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Маалыматка караганда, «Аруузат Токо» аты менен Facebook тармагындагы баракчасы аркылуу аймактар аралык жаңжалды козутуучу материалдарды жайгаштырып келген аял Бишкек шаарынын тургуну Т.Ч. экени аныкталды.

Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүу реестрине катталды.

Учурда филолого-лингвистикалык экспертиза дайындалды.