28.02.2020 11:21

"Аймактык кастыкты козуттуң" деген негизде эки айга камалган Sydyman үй камагына чыгарылды

"Аймактык кастыкты козуттуң" деген негизде эки айга камалган Sydyman  үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 28-февралда блогер Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Тиешелүү чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Ал сот алдында элден дагы бир жолу кечирим сурады.

 «Сот менин сөздөрүм хейтерлерге арналганын түшүндү. Мен Оштун элине карата туура эмес сөздөрдү колдонгонум үчүн кечирим сурайм. Үй камагына чыгарышкан укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирем.» — деди ал.

Белгилей кетсек, Элмирбек Сыдыманов аймактык кастыкты козутуу айыбы менен эки айга кармалган.