30.03.2018 12:38

Айрым эл өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каршы

Айрым эл өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө каршы

ЖК депутаты  Умбеталы Кыдыралиев  бюджеттин акчасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына коротулуп жатканына нааразы. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Депутат Көчмөндөр оюндарына коротула турган акча «Капиталдык салымдар» статьясына каралганын билдирди.  

«Мына ошон үчүн курулуп бүтпөй жаткан объектилердин саны өсүүдө», — деди Кыдыралиев.

Буга Финансы министрлигинин башчысы  Адылбек Касымалиев макул болгон жок. Ал социалдык объектилер үчүн да бюджеттен акча бөлүнүп жатканын билдирди.  

Министрдин маалыматына караганда, 2018-жылы өкмөт биринчи кезекте курулушу туруп калган объектилердин курулушун бүткөрүү үчүн каражат бөлүү  ниетинде.