11.04.2018 15:47

Айтылуу аттиш таржымалы, же 600 долларга эмне сатылып алынды

600 долларга сатылып алынды делген аттиш жалгыз эмес. Аталган сумманын ичине ЖЭБ ишине керектүү делген шаймандар да кирет. Бул тууралуу энергетикалык мекемени жаңылаган Кытайлык Ти-Би-Эй компаниясынын өкүлдөру билдиришүүдө. Биздин чыгармачылык топ, акыркы күндөрү коомдо кызуу талкуу жараткан оңдоочу шаймандардын топтомун камерага түшүрүп келишти. April.kg кабарчыларына кытайлык инженерлер оңдоочу шаймандардын эки топтомун көрсөтүшүп, алар кантип жумушка колдонулаарын айтып беришти.