17.08.2018 17:49

Азия оюндарына Кыргызстандан ким барат?

Быйыл жайкы Азия оюндары Индонезиянын Суматра аралындагы Палембанг жана Жакарта шаарларында өтөт. Ага 45 мамлекеттен барган 9700 спортчу катышат. Алардын арасында Кыргыздын чыгаандары да жок эмес. Мамлекеттик желекти быйыл 149 спортчу желбиретет. Туура бир күндөн кийин Азия оюндарынын ачылыш аземи болот. Таймаш 2-сентябрга чейин созулат. Бул оюндарда чоң ишеничти жараткан кыргыз спортчулары көп. Алар мурдагы Азия жана Олимпиада оюндарында айрымаланышкан.