24.12.2019 16:28

Азиз Батукаев боюнча соттук процесс кайра жылдырылды. Айыпталуучулардын бири ооруканага жеткирилди

Азиз Батукаев боюнча соттук процесс кайра жылдырылды. Айыпталуучулардын бири ооруканага жеткирилди

Мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин иши кайра жылдырылды. Бул ирет айыпталуучулардын бири оорукана тшп калганы себеп болду. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын имаратындагы бөлмө тар болгон. Ал жакта соттук процесске катышкандар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышкан. Айыпталуучулардын бири Раимжанов чакан бөлмөдө отуруудан кыйналып жатканы белгиленген. Бирок, адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которууну жана аны Атамбаевсиз өткөрө берүү өтүнүчүн судья канааттандырган эмес.

Кесепетинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу иште айыпталып жаткан дарыгер Абдухалим Раимжановдун ден соолугу кескин начарлап, аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Бул себептүү сот жараянды 26-декабрга жылдырылган.

Белгилей кетсек, сот адвокаттардын өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тарткандан кийин мурдагы президент ордунан туруп, жараяндан чыгып кеткен.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтуп жаткан соттук отурумдардын УКМКнын имаратына көчүрүү тууралуу чечим 19-декабрда кабылданган. Буга прокурорлордун өтүнүчү себеп болгон. Айыптоочулар Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун келтирген.