18.07.2018 14:54

Бакиевдин кадрлары акталып жатабы?

Жакында эле мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Эскерте кетсек, ал 2010-жылдын алтынчы апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон деп, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Курманбек Бакиевдин тушунда милицияны жетектеп турган аткаминердин кылмыш ишинин жабылышы коомдо ар түрдүү кабыл алынууда. Анын себептерин Aprel.kg кабарчылары билип көрду.