18.06.2019 14:30

Бакыт Бакетаев: "Элдин көңүлүн чоң суммаларга бөлүп, аны менен катар эле адамды дароо күнөөлөп салгандай өңүт калтырат"

Бакыт Бакетаев: "Элдин көңүлүн чоң суммаларга бөлүп, аны менен катар эле адамды дароо күнөөлөп салгандай өңүт калтырат"

Өлкөдөгү коррупция жана саясатка саресеп салуу үчүн чогулган саясат талдоочулар бүгүн таң калтырды. Жыйында серепчилер мамлекетибиздеги жат көрүнүштөрдү сынга алары күтүлгөн. Бирок талдоочулар "Азаттыктын" Матраимовдор тууралуу иликтөөсүнөн айланчыктап, алыстай албай койду. Айтымдарында, иликтөөдө көзгө сүртөр далил жок экен.