30.05.2019 09:24

Башкы прокуратура Сапар Исаковго каршы көрсөтмө бергендерге жеңилдик сунуштап жатабы?

Башкы прокуратура Сапар Исаковго каршы көрсөтмө бергендерге жеңилдик сунуштап жатабы?

Катаал жазадан кутулуу үчүн тергөөнүн шартына көнүү керек. Бишкек ЖЭБин жана Тарых музейин жаңылоо боюнча козголгон кылмыш иштеринин айрым айыпталуучулары кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту. Ошол замат алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылышкан.

Дегеле кызматташуу келишими деген эмне? Юристтердин билдирүүсундө, күч структуралары абактагыларды, аларга ылайыктуу көрсөтмө берүүгө мажбур кылышып, акысына жазасын жеңилдетүунү убадалашып жатат.