16.07.2018 15:19

Бассейнде чыр чыгарган УКМК кызматкери жумуштан айдалды

Кичинекей бассейндин тегерегинде чоң жаңжал. Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн короосундагы көлмө кошуналардын араздашуусуна алып келди. УКМК кызматкеринин сууга түшүп жатканы тууралуу видео тасма социалдык тармактарда тарап кетип кызуу талкуу жараткан. Коомчулуктун кысымы менен УКМК жетекчилиги кызматкерин ишинен да алып салды. Окуянын чоо-жайын April.kg кабарчысы Чыңгыз Турдалиев териштирди.