06.12.2019 11:26

Батукаевдин иши боюнча сот кайра жылдырылды

Батукаевдин иши боюнча сот кайра жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүнкүгө белгиленген жыйын болгон жок. Буга судьянын ооруп, жумушка чыкпай калганы себеп болду. Бул тууралуу КСДП саясий партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирет.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.