15.10.2019 15:06

Батукаевдин иши боюнча соттук угуулар Алмазбек Атамбаевсиз өтөт

  Алмазбек Атамбаевдин иши (32 материалов)
Батукаевдин иши боюнча соттук угуулар Алмазбек Атамбаевсиз өтөт

Батукаевдин иши боюнча алгачкы угуулар Алмазбек Атамбаевсиз өтөт. Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда Биринчи Май райсоту кабыл алганын жактоочу Сергей Слесарев билдирди. 

Экс-президент алгачкы угууларды өзү жок өткөрүүгө уруксат бере турган документке кол койду. Ал аяктаган соң Атамбаев сотко да катышууну каалабайт. 

Экс-президенттин жактоочусунун айтымында, тергөө мурунку вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун көрсөтмөсүн купуя сактоону чечти. Атамбаев тарап буга макул эмес. Алар иште жашыруун эч нерсе болбошу керек деп эсептешет. 

Жактоочулар ошондой эле, Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоого өзгөртүүнү талап кылып жатышат. 

Эскерте кетсек, Бишкектин Биринчи Май райсотунда Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кайра жанданган кылмыш ишинин алгачкы угуулары өтүп жатат. Иште 19 шектүү бар, алардын бири - экс-президент Алмазбек Атамбаев. Алгачкы эки угууну Атамбаев келбей койгондуктан, жылдырууга туура келген. 

Экс-президенттин жактоочулары бул кырдаалды укуктук вакуум деп аташкан. Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, мыйзамда айыпталып жаткан адамды камерадан сотко күчтөп алып келүүнү караган норма жок.