24.12.2019 13:03

Батукаевдин иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумдан Алмазбек Атамбаев чыгып кетти

Батукаевдин иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумдан Алмазбек Атамбаев чыгып кетти

Бүгүн, 24-декбарда мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук процесс уланды. Бул ирет УКМКнын имаратында. Бирок аталган иш боюнча айыпталып жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумга келгени менен кайра чыгып кетти. Бул тууралуу мурунку мамлекет башчынын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, алар соттук отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчүн келтиришкен. Буга УКМКнын бөлмөсүнө катышуучулар тыгылып, сот, прокурор жана айыпталуучулар бетме-бет отуруп калышканы себеп болду. Мындан кийин адвокаттар сотту Атамбаевсиз өткөрүүнү сунуш кылышкан. Сот өтүнүчтөрдү четке каккан.

Натыйжада мурдагы президент жараян учурунда ордунан туруп, чыгып кетти. Сот тыныгуу жарыялады.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу соттук процессти УКМКнын имаратында өткөрүү чечимин 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарган.

Эске салсак, Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева баш болгон 10дон ашык мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.