03.12.2019 16:52

Бажыдагы аткезчилик: Өкмөт башчы суракка чакырыла элек

Бажыдагы аткезчилик: Өкмөт башчы суракка чакырыла элек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тергөө органдарына суракка келүү боюнча билдирүү ала элек. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат-катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Мурдараак, Бажыдагы аткезчилик боюнча журналисттик иликтөөдө аталган фактылар боюнча УКМК президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырыларын жарыялаган.

 «Өкмөт башчы башынан эле бул иш дыкат жана ар тараптуу иликтенниши керектигин айтып, аны укук коргоо органдарынан дагы талап кылып келет. Анан албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон учурда тергөөнү кызыктырган баардык суроолорго жооп берүүгө даяр», - деп билдирет басма сөз кызматы.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.