16.01.2020 13:23

Бекназаров: Президент конституциялык реформа жүргүзүү боюнча демилгени талкуулоого даяр

Бекназаров: Президент конституциялык реформа жүргүзүү боюнча демилгени талкуулоого даяр

Азимбек Бекназаров президенттин ишине канааттанат жана өлкө башчыга ишенет. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-январда берген пресс-конференциясында билдирди.

«Кыргызстанды башкарган бардык президенттердин ичинен мен Сооронбай Жээнбековго ишенем. Ал азырынча таза жана кудайдан коркот. Ал үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деп сөз берген», - дейт Азимбек Бекназаров.

Айтымында, Сооронбай Жээнбеков Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууга даяр.

«Мен бардык президенттер менен иштешкем. Бирок жалгыз Сооронбай Жээнбеков конституциялык реформа жүргүзүү боюнча биздин сунушту талкуулоого макулдугун берди. Калган мамлекет башчылар бизди кузгун деп атап, таш бараңга алуу керектигин айтышкан. Сооронбай Жээнбеков деле мурункулардын жолун жолдоп, бир гана өзүнүн куурчоосундагы адамдар менен кеңешип, баш мыйзамды өзгөртүп салса болмок. Бирок ал андай ишке барган жок. », - деп белгилейт Азимбек Бекназаров.

Мындан сырткары, Азимбек Бекназаров президенттин PR-кызматы начар иштеп жаткандыгын айтты.

«Өлкө башчынын аткарган иштери, көтөргөн демилгелеринин маанилүүлүгү тууралуу эч ким айтпай жатат. Анткени анын жанында дагы деле Алмазбек Атамбаевдин командасы отурат, анын парламенти менен өкмөтү. Бул тууралуу мен Сооронбай Жээнбековго айткам», - дейт элчи.  

Бекназаров былтыр 26-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Аны бул кызматка өзү сунуштаганын президент Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурган акыркы басма сөз жыйынында билдирген.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.