07.02.2020 13:33

Бензин чачып, өрт койгон күйөөсүн Сатина кечирип, тосмо арызын жазды

Бензин чачып, өрт койгон күйөөсүн Сатина кечирип, тосмо арызын жазды

Кызганычтын айынан Каракол шаарында күйөөсү тарабынан зордукка кабылган Сатина жолдошун кечирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка караганда, буту,колу, бети кошо өрттөнгөн Сатина айым милицияга тосмо арызы менен кайрылган.

 «Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет.», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, КР Жазык кодексинин «Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эске салсак, окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган. Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган.