16.05.2018 18:00

"Бета-Сторес 2" гипермаркетинин кызматкерлери "Апрель" телеканалынын тартуучу тобуна кол салышты

"Бета-Сторес 2" гипермаркетинин кызматкерлери "Апрель" телеканалынын тартуучу тобуна кол салышты

Бүгүн калаадагы “Бета-Сторес  2”  супермаркетинин  кызматкерлери  “Апрель” телеканалынын тартуучу тобуна - 1 кабарчы менен 2 операторго кол салышты. Канал кызматкерлерине аталган жайда мөөнөтү өтүп кеткен азыктар сатылып жатканы тууралуу маалымат түшкөндүктөн, бул туурасында "Не сахар" берүүсүнө материал тартуу үчүн барышкан. 

Жаңы гана текчеден мөөнөтү өтүп кеткен йогуртту таап, аны сатып алып, камерага тартып башташканда, супермаркеттин кызматкерлери -  жеке агенттиктин күзөтчүлөрү менен өздөрүн "супермаркеттин кожоюну" деп аташкан түрк жарандары  чуркап келип, тасмага тартуу ишине тоскоолдук кылышкан.

10 чакты адам кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, 3 камераны күч колдонуу менен тартып алышкан.  

Тартуучу топ милиция кызматкерлерин чакырышканда, өздөрүн ээси катары атагандар жок болуп кетишкен. Кийин камерага тартылган бардык  “далил” материалдар  өчүрүлгөнү, 1 экш- камера бузулганы  аныкталган. Ошондой эле, камерадан алынган флеш-картаны  кайтарып беришкен эмес.

Бул факт тууралуу далил супермаркеттин байкоочу камерасында болушу мүмкүн. Бирок, аны да аталган соода жайдын кызматкерлери тазалап коюшу толук ыктымал.

Учурда  «Апрель» телеканалы өчүрүлгөн материалдарды калыбына келтирүүгө аракет жасап жатат. Каналдын айдоочусу бул окуяны сырттан тартып калууга аракет кылган,  ошондой эле, милиция келгенде кайтарылып берилген камералардын таза экени аныкталган учур да тасмага түшүрүлгөн.  

Окуя болгон жерге келген канал продюсери күзөтчүгө экинчи флеш-картаны  кайтаруу өтүнүчү менен кайрылганда, жооп болгон эмес. Факт менен айтканда, супермаркеттин кызматкерлери телеканалдын флешкасын уурдап алган.  

"Бета-Сторес 2" супермаркетинин кызматкерлеринин журналисттерге кол салуусу, кесиптик милдеттерин аткарууга, маалымат алууга  тоскоол жаратышы, кызматтык жабдыкты бузуу фактылары менен милицияга арыз жазылды.

Учурда супермаркеттин  күзөтчүлөрү Октябрь райондук ИИБде  көрсөтмө берип жатышат.

Мөөнөтү өтүп кеткен йогурт санэпидемкөзөмөл борборуна экспертизага  өткөрүлдү. 

Мындай учурда, керектөөчүлөрдүн ден соолугу үчүн ким жооп берет жана өлкөдөгү маалымат алууга укуктун тебелениши туурабы деген суроо жаралат.