06.02.2020 09:34

Бир аптада эки ажал: Акаев баласы менен инисинен айрылды

Бир аптада эки ажал: Акаев баласы менен инисинен айрылды

Москва шаарында биринчи президент Аскар Акаевдин баласы Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу  бүгүн тан эрте белгилүү болду.

Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумган. Айрым маалыматтарга караганда, анын жүрөгү кармап калган. Доктурлар жардам бере алган эмес.

Ал 44 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. Алдын ала маалыматтарга караганда Айдар Акаев Россияда жерге берилет.

Эскерте кетсек, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бул коомдо чоң нааразычылык жаратып, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, мурдаарак, Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу жүрөгү кармап каза болгон. Кубан Акаев Кеминде 5-февралда жерге берилгени да маалым болду.