12.02.2020 15:25

ЖМК: Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди

ЖМК: Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди

Тунгуч президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал «Аэрофлот» менен жардамчысы менен Бишкекке келди. Аэропорттон аны дароо эле VIP-зонага алып кетишти.

Акаевдердин үй-бүлөсү Кыргызстанда Айдар Акаевдин кыркын өткөрмөкчү.

Аскар Акаев 2005-жылдан бери Москвада жашайт. Ал эми анын жубайы Майрам Акаева акыркы жылдары Женевадагы хансарайында жашаганы айтылат.