07.02.2020 17:51

Тун уулунан ажыраган Аскар Акаев журналисттердин суроосуна жооп берди

Тун уулунан ажыраган Аскар Акаев журналисттердин суроосуна жооп берди

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев BBCнин журналисттерине уулу Айдар Акаев боюнча суроолоруна жооп берди.

«Мен тун уулуман ажырадым... Анын жүрөгү ооруп жүрчү, инфарктан каза тапты. Биздин үй-бүлө аны Москвада жерге берүүнү чечти», - деп журналисттерге жооп берген.

Эске салсак, Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумган. Ал 44 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды.

Эскерте кетсек, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бул коомдо чоң нааразычылык жаратып, 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштө бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, мурдаарак, Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу жүрөгү кармап каза болгон. Кубан Акаев Кеминде 5-февралда жерге берилгени да маалым болду.