Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек ш. – 4

• Нарын облусунда – 3

Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 287 учур катталды, алардын ичинен 237 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бүгүн, 26-майга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 35 учуру катталып, илдетке кабылгандардын жалпы саны 1468 кишиге жетти. Алардын ичинен  1015 адам айыгып чыккан. 16 адам көз жумган.