Биринчи май райондук сот Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодурановага карата жазган арызын кароосуз калтырды
Бүгүн, 24-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сагынбек Абдрахмановдун Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодурановага карата жазган арызын кароосуз калтырды.
Белгилей кетсек, Абдрахманов КСДП партиясынын 2019-жылдын 6-апрелинде өткөн 18-жыйынын жараксыз деп таап, 2019-жылдын 25-майында КСДПнын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып Кодуранова Асель Союзбековнаны дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранган.
КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана жактоочу Нурбек Касымбековдун билдиргенине караганда, эгер 10 күндүн ичинде Сагынбек Абдрахманов биринчи инстанциянын аталган чечиминин үстүнөн арызданбаса, анда юстиция министрлиги юридикалык жактардын реестрине катталган маалыматтарга өзгөртүү киргизиши керек болот.
Сагынбек Абдрахмановдун атынын ордуна Асель Кодуранованын фамилиясы жазылат.
Эске салсак, 2019-жылдын 6-июнунда Сагынбек Абдрахманов Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылып, Алмазбек Атамбаев жана Асель Кодуранованын үстүнөн арызданган. Ал партиянын кезектеги 18-жыйынын жараксыз деп табууну өтүнгөн.
Өткөн жылдын 6-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту арызды карап, өндүрүшкө алган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: