24.10.2018 16:42

Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду 28-декабрга чейин камакта калтырды

Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовду 28-декабрга чейин камакта калтырды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралды. Бул туурасында бүгүн, 24-октябрда анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.

Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен анын камакта калуусун 28-декабрга чейин узартты. Адвокат бул чечимге макул эместигин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын айтты.

Эскерте кетсек, мурунку Бишкек мэри Албек Ибраимов 19-июлда УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ибраимов жогорулатылган баада атайын шаймандарды сатып алуу менен «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.