31.05.2018 09:00

Бишкек мэриясы 1-июнда бөбөктөрдүн көңүлүн кантип көтөрөт? Майрамдык иш-чаралардын тизмеси

Бишкек мэриясы 1-июнда  бөбөктөрдүн көңүлүн кантип  көтөрөт? Майрамдык иш-чаралардын тизмеси

Калаа мэриясы 1-июнь –Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын планын жарыялады. Ага 25 миңден ашык бала катышуусу пландалууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

31-майда саат 11:00дө Кыргыз улуттук филармониясында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 800 бала үчүн салтанаттуу иш-чара өтөт.  

1-июнда саат 11:00дө «Аквапарк Роял Фиш» эс алуу борборунда (Беш-Күңгөй айылы) ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн көңүлдүү майрам уюштурулат.

1-июнда саат 10:00дө Эмен багында «Баластан» шаардык балдар майрамы өтөт. Балдар үчүн 50 кызыктуу аянтчалар уюштурулат: кыргыз эстрада жылдыздары,  балдар чыгармачыл топтору, мектеп театрлары катышкан музыкалык-көңүл ачуучу программалар, мектеп окуучуларынын гала-концерти, көчмөндөрдүн балдар оюндары жана башка иш-чаралар. 10:00дөн 15:00гө чейин Эмен багында ЮНИСЕФ Балдар фонду боз үй тигип, аниматорлордун катышуусунда балдар үчүн оюндарды өткөрөт.  

10:30дан баштап, Т.Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында мектеп окуучулары катышкан театралдашкан оюндар өтөт.  

11:00дө Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында "Жаш таланттар" гала-концерти болот. Ага Бишкек шаарындагы көркөм ийримдердин  окуучулары катышат.

Саат 14:30да  «Кыргыз киносу» кинотеатрында (Ахунбаев, 92) №77,94,21,88 мектептин 118 окуучусуна «Чала спортик» кинокомедиясы көрсөтүлөт. .

Калаанын төрт районунда дагы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.