23.03.2020 13:44

Бишкек шаардык сот Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратып, Айбек Калиевдин өкүмүн бир жылга кыскартты

Бишкек шаардык сот Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратып, Айбек Калиевдин өкүмүн бир жылга кыскартты

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча соттук отурум өттү.

Процесске судья Ирина Воронцова төрагалык кылып, өкүм чыгарды.

Ага ылайык, жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды.

Соттолуучулардын баарынын өкүмү өзгөрүүсүз бойдон калып, болгону «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камоодон чыгарылмай болду.

Эске салсак, 2019-жылдын 6- декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.