29.04.2019 12:06

Бишкек шаары тууралуу он кызыктуу факт

Бишкек шаары тууралуу он кызыктуу факт

1878-жылы Туркестан губернаторлугу Пишпек айылына расмий шаар макамын берет. Буга Токмоктон бардык уезддик кеңселердин Пишпекке көчүрүлүшү себеп болгон.  Дал ушул убакыттан тартып,  Кыргызстан борборунун тарыхы эсептеле баштайт.  

April.kg  редакциясы биздин сүйүктүү шаар тууралуу он кызыктуу факт чогултту:
1.   135 жыл мурун шаарда 500 адам жашаган. Учурда туруктуу жашаган адамдардын саны  1 млн. 12 миң 500. 

2.   Бишкек - Орто Азиядагы Октябрь революциясынын кол башчысы Владимир Лениндин чоң эстелиги сакталып калган жалгыз борбор.

3.    Шаар борборунда турган Биг-Бенди (куранттарды) Кыргызстанга Армения достуктун белгиси катары белек кылган.

4.    Шаардагы эң узун көчө -  Абдырахманов-Байтик Баатыр. Ал  22 чакырымга созулат. Сүрөт автору - Михаил Дудин.

5.    Бишкектеги эң биринчи кинотеатр -  «Россия»,  аны 1963-жылы курушкан.

6.    Башкы аянттын сыры бар -анын алдында жер астындагы бункер катылган.

7.    1920-жылы Бишкек көчөлөрүнөн Туран жолборсун жолуктурууга мүмкүн болчу.

8.    Бишкектин азыркы гербин түзүү идеясы мурунку мэр Феликс Куловго таандык.

9.    Шаар борборундагы флагштоктун бийиктиги - 45 метр.

10.  Азис Суракматов Бишкектин эгемендик алгандан берки 15-мэри.