26.06.2018 10:28

Бишкек шаарында кудуктун ичинен аялдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарында  кудуктун ичинен аялдын жансыз денеси табылды

Бишкекте кудуктун ичинде аялдын жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.  

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 25-июнь күнү саат 19:05 чамасында «102» нөөмөт бөлүмүнө Кустанай көчөсү №126. “№1 Автобазасынын аймагында кудуктун ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары 1962-жылы туулган Б.С.А. аттуу жарандын жансыз денесин кудуктан алып чыгышкан.

Аялдын сөөгү  ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.