07.08.2018 11:09

Бишкек шаарында жана Маевкада 8-10-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарында жана Маевкада 8-10-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарында жана Маевкада 8-10-август күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматта газ берүүнүн токтотулушу оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экени айтылат. Жаратылыш газы өчө турган аймактар: 

- 8-9-августта Бишкек шаарынын Саратовская көч. 84-106, Буденного көч. 77-89, Пионерская көч. 59-77 даректеринде;

- 9-10-августта Маевка айылындагы М.Гвардия, Тепличная, Скворцова, Восточная көчөлөрүндө.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.