29.08.2018 08:30

Бишкек шаарында өзгөчө жазуулары бар автоунаа пайда болду.

Бишкек шаарында өзгөчө жазуулары бар автоунаа пайда болду.

Бишкек шаарында өзгөчө жазуулары бар автоунаа пайда болду. Эки капталында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрү түшүрүлгөн «Toyota Altezza» үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн «Бишкек жашылдандыруу чарбасы» Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады. Алардын айтымында, унаа ээси - ишкананын ландшафт дизайнери. 

Унаага «Адам акылы менен эмес, байлыгы менен мактанганы жаман» жана «Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу»” деген саптар түшүрүлгөн. Ошондой эле, маңдайкы бөлүгүндө белгилүү кыргыз актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү тартылган.  

Унаа ээси өзүнүн бул кадамын залкар жазуучу калтырып кеткен учкул сөздөр азыркы күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келаткандыгы менен түшүндүрөт.