14.05.2018 13:22

Бишкек ЖЭБ авариясы: депутаттар келишимди окубай эле кол коюшканбы?

Бишкек ЖЭБ авариясы: депутаттар келишимди окубай эле кол коюшканбы?

Жуманын эң эле чуу жараткан саясий окуясы Бишкек жылуулук борборундагы аварияны иликтеп чыккан депутаттык комиссиянын корутундусу болду окшойт.

Эл өкүлдөрү отчет менен менен жалпы жыйында тааныштырышып, ал аз жерден шоуга да айланып кете жаздады. "600 долларлык аттиштерди көрсөтсөңөр көрүндүгүн берем" деген депутат мырзабызга ЖЭБ жетекчиси чемоданын көтөрүп чаап көрсөтсө, мурдагы жетекчиси булар калп айтып атат, башында башка аттиштер болчу деп балп этирди. Бул депутаттарга майдай жагып, кол чаап дагы жиберишкенин кантесиң.

Маселенин тарыхына кайрылсак, Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Жылуулук электр борборун оңдоо иштери былтыр күзүндө толугу менен бүткөрүлгөн эле. Бирок быйыл борбордо кырсык болуп, кылмыш иши да козголгону маалым. "Улуттук энергохолдингдин" башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жооптуу жетекчи камакка алынган.