13.02.2019 14:42

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча алгачкы сот отуруму качан өтөөрү белгилүү болду

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча алгачкы сот отуруму качан өтөөрү белгилүү болду

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча алгачкы сот отуруму 18-февралда өтөт. Бул туурасында укук коргоочу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, отурум саат 16:00гө белгиленген. Ага журналисттер жана шектүүлөрдүн тууган-туушкандары киргизилбейт. Алдын-ала алынган маалыматка караганда, ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карайт.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура кылмыш ишти 11-февралда сотко өткөрүп берген. Иштин алкагында «Коррупция» жана «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча 8 адамга айып тагылган.

Алар: мурунку өкмөт башчылар Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев,  мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» жетекчиси Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Салайдин Авазов жана анын орун басары Жолдошбек Назаров, ЖЭБди жаңылоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурунку каржы министри Ольга Лаврова. Булардын ичинен Ольга Лаврова камакка алынган эмес. 

Тергөөнүн айтымында, ЖЭБди жаңылоо иши мамлекетке 111 млн. доллар зыян алып келген.