28.04.2018 14:01

Бишкек ЖЭБти оңдоо маалында ким премьер-министр болгон?

Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБ боюнча мурдагы премьерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселени карап чыкты. Өздөру белгилегендей, кимдир-бирөөнү күнөөлөй алышпайт, бирок саясий баа берүүгө укуктуу. Жылуулук энергоборборундагы авария, Кытай грантынын максаттуу сарпталышын, келишимдерге ким кол койгонун жана модернизацияны ким көзөмөлдөгөнүн депутаттык комиссия аныктап чыгышы керек. Эл өкүлдөрүнүн башы катып жаткан суроого April.kg да жооп издеп көрдү.