17.05.2018 11:46

Бишкекте 18-майда "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт

Бишкекте 18-майда "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт

Калаада эртең, 18-майда Энелер күнүнө арналган "Жүрөктөн жүрөккө" аттуу кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт. Бул туурасында шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Иш-чарада Бишкек, Ысык-Көл жана Чүй облусунан келген улуу муун кийизден, жүндөн колго жасалган буюмдарды, улуттук сувенирлерди, ошондой эле, айыл чарба продукцияларын сатыкка коюшат. 

Жарманкенин программасында шахматтык турнир, лотерея оюндары, дарыгерлерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, идиш-аяктарга сүрөт тартуу иш-чаралары бекитилген. 

Мындан тышкары, кайрымдуулук жарманкесин өткөрүүгө КРСУ студенттери көмөктөшүп, майрамдык концерт уюштурушат. 

Жарманке учурунда келгендер өздөрүнүн кан басымын, салмагын текшерип, бир топ маанилүү маалыматтарды ала алышат. 

Иш-чара Эркиндик бульвары менен Пушкин көчөсүнүн кесилишинде ( Курманжан Датканын эстелигинин жанында) саат 10:00дөн 14:00гө чейин жүрөт.