06.06.2018 08:30

Бишкекте Чүй жана Айтматов кең көчөлөрүнүн тилкеси оңдолуп бүттү

Бишкекте Чүй жана Айтматов кең көчөлөрүнүн тилкеси оңдолуп бүттү

Борбор калаадагы Чүй жана Айтматов проспектилери ремонт иштеринен кийин унаалар үчүн  ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы  билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульвары менен Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгү, ал эми Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрдү.

"Быйыл да былтыркыдай эле жол оңдоодо жаңы технология колдонулду. Үстүңкү катмарынын шагылы жана полимердик кошулмалары көп. Мындай ыкма дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат. Өткөн жылы бул технология менен Гагарин көчөсүнүн 250 метрлик бөлүгү оңдолгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия быйыл Чүй проспектисинин 7-Апрелден Төрөкул Айтматовго чейинки жана Чыңгыз Айтматовдон Павловго чейинки бөлүгү да реконструкцияланаарын белгиледи.