18.05.2020 13:09

Бишкекте Энелер күнүндө 61 ымыркай төрөлдү

Бишкекте Энелер күнүндө 61 ымыркай төрөлдү

Бишкек шаарында Энелер күнүндө 61 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына караганда жаңы төрөлгөндөрдүн 29у уул жана 32си кыз.

«№1 төрөт үйүндө үч эм төрөлдү: салмагы 2,4 килограмм болгон эркек бала жана ар бири 2,2 килограммдан эки кыз. Эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, алар күнү-түнү акушер-гинеколог жана неонатологдордун көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, майдын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда Энелер Күнү белгиленет.