09.01.2020 13:18

Бишкекте “FactCheck” порталынын редактору Болот Темировду токмоктоп кетишти

Бишкекте “FactCheck” порталынын редактору Болот Темировду токмоктоп кетишти

Бишкекте “FactCheck” порталынын редактору Болот Темиров сабалганы кабарланды. Бул тууралуу аталган басылманын "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыгышты.

Андагы маалымат боюнча, Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан чымыр денелүү үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан.

«Бирөөсү аркаман келип желкеге чапты. Мен кулап түшкөндө экинчиси тепкилей баштады. Колумдагы телефонду жулуп алышты. Андан башка эчнерсеге тийишкен жок. Алардын максаты уурулук эмес, коркутуу болгон деп ойлойм», - дейт Болот Темиров

“FactCheck” - өлкөдө тараган маалыматтардын чын-бышыгын тактоо максатында түзүлгөн портал. Анда коррупциялык схемалар боюнча бир нече иликтөө жарыяланган.