16.05.2020 16:14

Бишкекте канча адам коронавируска кабылган? Райондор боюнча маалымат

Бишкекте  канча адам коронавируска кабылган? Райондор боюнча маалымат

Бишкекте мобилдик бригадалар 110 очокто, калктуу конуштарда, шаардын борбордук бөлүгүндө жана кичи райондордо изилдөөлөр боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын 16-майга карата Бишкектин райондорундагы COVID-19 боюнча маалыматына ылайык, 15 тастыкталган учур аныкталган, коронавирус тестинен өтүүдөн 113 баш тартуу учуру жана 99 турак үй жабык болгон, тагыраагы үй ээлери үйүндө жок болгон.

Ленин району:

•  Очоктор – 49;

•   Тастыкталган анализдер – 2;

•  Баш тартты – 68;

•  Жабык үйлөр – 33.

 

Октябрь району:

•  Очоктор – 28;

•  Тастыкталган анализдер – 5;

•  Баш тартты – 26;

•  Жабык үйлөр – 51.

 

Биринчи май району:

•  Очоктор – 16;

•  Тастыкталган анализдер – 5;

•  Баш тартты – 10.

 

Свердлов району:

•  Очоктор – 17;

•   Тастыкталган анализдер – 3;

•   Баш тартты – 9;

•  Жабык үйлөр – 15.

Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны 1117 адамга жетти. Алардын ичинен 783 адам айыгып чыкты. 14 адам көз жумган.

11-майдан тартып Кыргызстан боюнча өзгөчө кырдаал абалы күчүндө. Коомдук транспорт жүрө элек. Жолдо жүрүү үчүн буга чейин алынган уруксаат кагаздар жокко чыгарылган.