29.01.2020 13:15

Бишкекте күчүктү өлтүрө тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте күчүктү өлтүрө тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө

Итти атайылап тебелеп кеткен факты боюнча шаардык милиция иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына караганда, «Тойота Авенсис» башкарган айдоочу Аэродромный көчөсүндө кичинекей күчүктү өлтүрө тебелеп кеткен.

Тасмада көрүнүп тургандай, машина алгач токтоп, көп өтпөй артка берип, андан күүлөнүп келип туруп итти тебелеп өткөн. Күбөлөрдүн айтымында күчүк ошол жерден өлгөн.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

Учурда иликтөө иштери башталып, тасмадагы автоунаанын айдоочусу изделип жатат.