06.07.2018 12:27

Бишкекте оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Баялинов көчөсүнүн тилкеси жабылат

Бишкекте оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Баялинов көчөсүнүн тилкеси жабылат

Бишкекте оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн Баялинов көчөсүнүн тилкеси жабылат. Бул туурасында мэриядан билдиришти.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 7-июлдан тартып, Баялинов (мурунку Ленинградская) көчөсүнүн  Тоголок Молдо көчөсүнөн Исановго чейинки бөлүгүндө жол төшөмү алмаштырылып, тротуарлар жана арыктар оңдолуп, жаңы бордюр жана жол белгилери коюлат. 

Оңдоо иштери 30-августка чейин жүрөт. Бул убакыт ичинде автоунаалар үчүн альтернативдүү жол катары Боталиев (мурунку Щербаков) көчөсү тандалды.