25.06.2018 10:00

Бишкекте тилсиз жоодон кафенин 400 чарчы метр чатыры өрттөнүп кетти

Бишкекте тилсиз жоодон кафенин 400 чарчы метр чатыры өрттөнүп кетти

Бишкек шаарында“Волшебная лампа Алладина” кафесинде чыккан өрттөн имараттын 400 чарчы метр чатыры, 388 чарчы метр шыбы, 15 даана пластик перезеси, ичиндеги буюмдар жана кафенин документтери күйгөн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Өрт кырсыгы 2018-жылдын 24-июнь күнү саат 9:23тө Горький көчөсү №9/1 дарегинде катталган. Өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Свердлов райондук №7 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм,  Ленин райондук №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Штаб жана КР ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкару борборунан Көчмө байланыш пункту (ППУ) менен ыкчам топ тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 10:17де өрт чектөөгө алынып, саат 11:32де толук өчүрүлгөн. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн себеби такталууда.