04.05.2018 17:57

Бишкекте тогуз коргоол оюну боюнча Борбор Азия кубогу өтөт

Бишкекте тогуз коргоол оюну боюнча Борбор Азия кубогу өтөт

Бишкекте 6-12-май күндөрү  Кожомкул атындагы спорт сарайында  улуттук оюн - тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын VII Кубогу өтөт.

Ага 5 мамлекеттин спортчулары катышаары айтылат. Алар: Казакстан, Өзбекстан, Корея, Түркия жана Кыргызстан.

Аталган турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөлөрү үчүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына  тандоонун алгачкы этабы болуп саналат.

Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциядан 272 миң сом каралган.