14.06.2018 09:00

Бишкекте унаалар коюлуп келген жайдын ордунда гүлзар ачылды

Бишкекте унаалар коюлуп келген жайдын ордунда гүлзар ачылды

Бишкекте Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер ачылды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.   

Аянты 1890 чарчы метр түзгөн аймакты «Бишкекзеленхоз» ишканасынын кызматкерлери 2 айдын ичинде көрктөндүрүштү.

Топурак төгүлүп, даярдалган жерге «Бишкекзеленхоз» жөкө дарактын 13 көчөтүн, ийне жалбырактуулардын 20 көчөтүн  отургузду. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери бир жылдык гүлдөрдөн  5 миң 500 даананы тикти.   

Тигилген бак-дарактарды сугаруу үчүн эки ыкма каралган - себелетип жана тамчылатып сугаруу.  

Муну менен катар эле «Тазалык» ишканасы тарабынан скверге тосмолор, отургучтар, таштанды челектер жана байкоочу камералар орнотулган. Кичине балдарга арналып, кыймылдуу оюндар үчүн аянтча жасалды.  

Эскерте кетсек, бул тилкеде мурда курулуш материалдары  сатылып жана унааларды токтотуучу жай катары колдонулчу.