28.11.2019 11:13

Бишкекте ЖККУ саммити өтүүдө. Ага бир катар өлкө лидерлери келишти

Бишкекте ЖККУ саммити өтүүдө. Ага бир катар өлкө лидерлери келишти

Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Бишкекке келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан орус лидерин президент Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда тосуп алды.

27-ноябрда Кыргызстанга Казакстандын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри келишкен. ​

Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Бир катар документтерге кол коюлуп, уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

Эске салсак, Бишкек ушул сессияда уюмга төрагалык кылган бир жылынын мөөнөтүн жыйынтыктайт.