08.05.2020 13:32

Бишкектеги кафелердин бири толугу менен күйүп кетти

Бишкектеги кафелердин бири толугу менен күйүп кетти

Бишкектеги Панфилов жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү бүгүн саат 10:17де түшкөн.

“Тилсиз жоо тартылган күчтөрдүн жардамында саат 10:38де чектөөгө алынып, саат 12:00дө толук өчүрүлдү. Куткаруучулар өрттү жанаша жайгашкан обьектилерге жайылып кетүүсүнө жол беришкен жок”, – деп айтылат маалыматта.