13.07.2018 09:43

Бишкектеги коомдук транспорттордо аялдаманы автоматтык түрдө кабарлоо тутумун сынап башташты

Бишкектеги  коомдук транспорттордо аялдаманы автоматтык түрдө кабарлоо тутумун сынап башташты

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттор эми жүргүнчүлөргө автоматтык түрдө кайсы аялдамага жетип калганы тууралуу кабарлап баштайт. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 12-июлдан тарта калаадагы автобустарда автоматтык үн менен жарыялоо тутумун киргизүү  боюнча пилоттук долбоор иштеп баштады.  Аялдамалар тууралуу билдирүүлөр эки тилде  – кыргыз жана орус тилдеринде жаңырат.  Бул үчүн унаа каражатынын ичине катуу сүйлөгүч орнотулат. 

Тутум автоматтык түрдө иштеп, айдоочунун катышуусун талап кылбайт, ал эми аялдамалар жана багыт боюнча маалымат ар бир түзүлүшкө мобилдик түйүн аркылуу автоматтык түрдө келип турат. Учурда №42 багыттагы автобустар мындай тутум менен жабдылды. Пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, шаардагы бардык автобустар менен троллейбустар ушундай тутум менен камсыздалат.  Долбоорду ишке ашырууда Inobi компаниясы техникалык колдоо көрсөткөн.