28.04.2018 09:02

Бишкектеги сейил бактар оңдолууда

90 миллион сом Бишкек шаарындагы үч сейил багын оңдоого бөлүнгөн. Реконструкция боюнча долбоор эки баскычка бөлүнүп, биринчи бөлүгү июнда аяктайт. Фучик, Жаштар паркы жана Кара жыгач токою баштан-аяк жаңыланууда. Бекеринен дал ушул объектилер оңдолуп жаткан жок, муну менен жаштарды, тургундарды шаар четиндеги сейил бактарга тартуу аракети көрүлүүдө.