10.07.2018 09:00

Бишкектин 2-3 күн көгүлтүр отунсуз кала турган аймактары

Бишкектин 2-3 күн көгүлтүр отунсуз кала турган аймактары

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык: 

- 10-13-июлда Элебаев, Толстой, Кулатов, Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; Кулатов, Жукеев–Пудовкин, Горький, Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; «КыргызАвтоМаш» заводунда; «Алькони» ЖЧКсында; «Глобус» супермаркетинде;

- 10-11-июлда Саратовская, Весёлая, Фрунзе, Кантемировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

- 10-11-июлда Төмөнкү Ала-Арча айылынын Коллекторная, Южная, Белинский, Фрунзе;

- 11-12-июлда Жибек Жолу, Кантемировская, Курманалиева, Веселая; Ялтинская, Пархоменко, Салиев, Буденного көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү убактылуу токтотулат.

Ишканадан «Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө», - деп билдиришет.