14.04.2020 16:33

Газпром абалды эске алды. Газдын баасы кымбаттабайт

Газпром абалды эске алды. Газдын баасы кымбаттабайт

«Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн газдын наркын көтөргөн. «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калды. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү. Компаниянын башкы директору Болот Абилдаев коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, мурдагы тарифти ордуна кайтарарын маалымдады. Кыргызстандыктар бардык салыктарды эске алганда газдын бир куб метри үчүн 15,5 сомдон, ишканалар менен коммерциялык уюмдар 19 сомдон төлөшөт. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром Кыргызстан» компаниясына социалдык жоопкерчилик көрсөткөндүгү үчүн алкыш айтты.

Белгилей кетсек, «Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир метр куб газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баалардын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.