04.07.2018 17:31

Чүй облусунун айрым аймактарында жаратылыш газын берүү эки күнгө токтотулат

Чүй облусунун айрым аймактарында  жаратылыш газын берүү эки күнгө токтотулат

Чүй облусунун айрым аймактарында 5-6 июль күндөрү жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалымат кызматы билдирди.  

Оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу газ өчө турган көчөлөр:

  • 5-июлда Ленинское айылынын Алма-Ата көчөсүндөгү 70-104,65-95б үйлөрүндө;
  • 6-июлда Токмок шаарынын Татар көчөсүндөгү №73,75, 77, 79; Овчаров көчөсүндөгү №1, 3/1, 5/2, 9; Интернациональная көчөсүндөгү №92, 94, 96, 88/1; Гагарин көчөсүндөгү №78 үйлөрдө;
  • 6-июлда Ленинское айылындагы Алма-Ата көчөсүндөгү 214-234; Садовая көчөсүндөгү №78-9,59-65; Набережная көчөсүндөгү №66-74, 145-155 үйлөрдө; Сельповский чакан көчөсүндөгү 6-12 үйлөрүндө.

Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.