23.05.2019 15:20

Бийликтегилер коррупция менен эмес, Атамбаев менен гана күрөшүп жатабы?

Бийликтегилер коррупция менен эмес, Атамбаев менен гана күрөшүп жатабы?

Эки мурун экс-вице-премьер Шамиль Атаханов камакка алынган. Эми кезек кимде? деп суроо салгандар жок эмес. Бийлик мурда жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлерди четинен камап жатат. Бул бир жагынан кубаттоого арзыганы менен, бүдөмүк ойлор дагы жаралбай койбойт.

Маселен, айрым саясий талдоочулардын пикиринде, бул жерде коррупцияга каршы күрөш маселеси турган жок. Айтымдарында, президент Сооронбай Жээнбековдун айланасындагылар экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакындарына каршы күрөштү күчөтүштү. Бул максатта Батукаевдин иши кайра козголуп, бийликтин оппоненттерин оюн талаасынан четтетүү өнөктүгү уланууда.